Нарында КамАз менен Тойота сүзүшүп, 4 адам жабыркады

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда 2-декабрда саат 21:08 чамасында жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 4 адам жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 216-чакырымында "КамАЗ" оор жүк ташуучу унаасы жана Toyota Nadiа унаалары кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен төрт адам жабыркаган.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД