
4-декабрда Бишкек шаарынын мэриясынын кубогу үчүн муниципалитеттин, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, акимчиликтердин жана Бишкек шаардык кеңештин арасында мелдеш башталат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдештер стол тенниси, шахмат, бильярд, волейбол, кичи футбол, дартс, аркан тартыш боюнча өткөрүлөт.
Спорттук мелдешти Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы уюштурууда.