Юстиция министрлиги болочок адвокаттардан экзамен алат

2021-жылдын 6-декабрынан 9-декабрына чейин адвокат болуп иштөөгө 142 талапкер Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде квалификациялык экзамен тапшырышат. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Юстиция министрлигинин алдындагы Квалификациялык комиссиянын жыйналышында кабыл алынган, анда талапкерлердин ушул жылдын январынан апрель айына чейин тапшырылган документтери каралган.

Экзамен Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алуу үчүн квалификациялык экзамен тапшыруунун тартибине ылайык компьютерде тестирлөө формасында тапшырылат.

Экзаменде баардыгы болуп 110 суроо бар, 70 же андан ашык суроого туура жооп берген талапкер квалификациялык экзаменден өттү деп эсептелет.

Квалификациялык экзаменди ийгилктүү тапшырган адамдарга Комиссия Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия берет. Квалификациялык экзаменден өтпөй калгандар алты айдан кем эмес убакыт өткөндөн кийин экзаменди кайрадан тапшырууга киргизилишет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД