Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басарлары болуп Данияр Исаматов жана Рамис Алыкулов дайындалышты. Бул туурасында бүгүн, 3-декабрда министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Белгилей кетсек, Данияр Исаматов 2013-жылы Бажы кызматынын жеке тараптар менен иштөө башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган.