Садыр Жапаров: БШК, УШК бийликтен кысым болгонун айтышса, отставкага кетем

Добуштар уурдалып, бюллетендер түнү менен алмаштырылганы боюнча билдирүүлөр абсурд. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, шайлоо таза өткөнүн эл аралык байкоочулар дагы белгилешти.

"Шайлоо жакшы өттү. Бул менин баам эмес. Биринчи кезекте көпчүлүк элдин баасы. Экинчиден, дүйнөлүк коомчулуктун, эл аралык байкоочулардын баасы. КМШ, Европа, ШОС (Шанхай кызматташтык уюму - ред.), Түрк дүйнөсү, Араб өлкөлөрү жана Америка өлкөлөрүнөн келген 800гө жакын байкоочулар катышышты. Шайлоонун эртеси алардын баары өз бааларын беришти. "Шайлоолор эң жогорку деңгээлде өттү", - деп алгылыктуу айтышкан өлкөлөр болду. Ошол эле демократиялуу делген Европа, Америка өлкөлөрү дагы жакшы баа беришти", - дейт ал.

Президенттин айтымында, добуштар уурдалганы боюнча билдирүүлөргө абсурд.

"Ал эми "добуштар уурдалды, бюллетендерди түнү менен алмаштырышат" деген саясатчылардын айткандары абсурд. Республика боюнча 31 000 шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бар. Элестетиңиз, 31 000 кишинин катышуусу менен түн катып бюллетендерди көтөрүп алып чуркап жүрүшкөнүн. Азыр үч киши менен кыңыр иш кылсаң бир заматта билинип калчу заман. Эгер эле бийлик тараптан басым болсо, БШКнын башчысы, адистери же участкалык шайлоо комиссияларынын 31 000 мүчөсү "бийлик ушинтип басым жасады, анан биз ушинтип добуш уурдадык" деп айтып чыгышсын. Мен токтоосуз эле отставкага кетип калайын", - дейт Садыр Жапаров.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД