179 миң сом! Эң жогорку пенсия канча экендиги айтылды

Кыргызстанда эң жогорку пенсия 179 миң сомду түзөт. Бул тууралуу брифинг учурунда Социалдык фонддун башчысы Бактияр Алиев билдирди.

Ал алуучунун фамилиясы жана анын ишмердүүлүгү тууралуу айта албай турганын белгиледи.

"Эгер адам 1996-жылдан бери Социалдык фондго жогорку чегерүүлөрдү төлөгөн болсо, ал жогорку пенсия алат. Ошондой эле эң аз пенсияны өмүр бою иштебеген адамдар алат. Ал – 1,5 миң сом", - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД