Орусияда телевизору бар алгачкы көрүстөн пайда болду

Санариптик көрүстөн эстелиги биринчи жолу Орусиянын Новосибирск шаарындагы крематорийде тургузулду.

Бул тууралуу орус ЖМКлары жазды.

Мемориалдык плитага маркумдун сүрөтүнүн ордуна, тирүү кезиндеги видеосун көрсөтүп турган суюк кристалл экран (LCD) орнотулган.

Адаттан тыш эстеликти инженер-конструктор Марсель Мухаметшин иштеп чыккан, ал бул ойлоп табуусуна 2012-жылы эле патент алган. Ал эстеликтин биринчи прототибин 2021-жылдын апрелинде көрсөткөн.

Новосибирск крематорийинин дизайнер-архитектору Павел Бабкин санариптик эстелик маркумдун элесин сактоо үчүн керек экенин билдирди.

Анын айтымында, экрандын жардамы менен мисалы, чоң эне же чоң атасынын сөөгү коюлган жерге балдарды алып барып, алардын туугандары тирүү кезинде кандай болгонун көрсөтүүгө болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД