Социалдык фонддун төрагасы пенсиянын көлөмүнүн аздыгына уяларын билдирди

Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев өлкөдөгү пенсиянын көлөмүнөн уяларын билдирди. Мындай пикирин ал жергиликтүү "Спутник" маалымат агенттиги өткөргөн брифингде айтты.

Белгилүү болгондой, жыйын учурунда Кыргыз өлкөсүндө пенсиянын суммасы аз экени, бул төраганы уялтпайбы деген суроо узатылды.

"Мындай пенсия үчүн уялам", - деп кыска жооп узаткан Алиев.

Ушул эле жыйында Социалдык фонддун төрагасы өлкөдө эң жогорку пенсиянын суммасы 179 миң сом экенин, аны бир гана адам аларын билдирип, бирок конкреттүү ким аларын айткан эмес.

Бактияр Алиев 2020-жылы КТРКнын башкы директору болуп, ушул жылдын октябрь айында кызматтан кетип, Социалдык фонддун төрагасы болуп дайындалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД