Юстиция министрлигинде укуктук жардам берүүчү жаңы институттар пайда болот

Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу астында, бүгүн, 3-декабрда КРнын Юстиция министрлигинде тегерек стол өткөрүлдү. Бул тууралуу БУУӨПтүн коммуникациялар боюнча адиси Нуржан Алымканова билдирди.

Маалыматка ылайык, анда Юстиция министрлиги коомчулукка натыйжалуу ченем жаратуу техникасы, акысыз укуктук жардам системасы жана укуктук агартуу аркылуу укук үстөмдүгүн бекемдөө боюнча жаңы демилгелерин жарыялады.

"Укук үстөмдүгүн бекемдөө: укуктук агартуу жана натыйжалуу ченем жаратуу техникасынын маселелери" темасындагы тегерек стол мамлекеттик органдардын, КР президентинин администрациясынын кызматкерлеринин жана эл аралык уюмдардын, эксперттик коомчулуктун, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Тегерек столдо КР Юстиция министрлигинин түзүмүндөгү жаңы институттар (борборлор) – "Акысыз юридикалык жардам кызматы" (АЮЖБ), "Натыйжалуу ченем жаратуу техникасы жана укук үстөмдүгү борбору" (НЧЖТУҮБ) жана "Укуктук агартуу борбору" (УАБ), алардын максаты, тапшырмасы, ишмердүүлүгүнүн негизги түрлөрү кеңири талкууланды.

Анын ичинде, "Укуктук агартуу борбору" өтө кызыгууну жаратты. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тууралуу жобого расмий түрдө "укуктук агартуу" деген жаңы функция кошулду, бул мурда бекитилген "укуктук пропаганда" функциясынан мааниси жагынан айырмаланат. Борбор "Акысыз юридикалык жардам кызматы" системасынын ар бир райондогу зор потенциалын, жана министрликтин мүмкүнчүлүктөрүнүн механизмдерин пайдалануу менен калк арасында агартуу саясатын жүргүзмөкчү.

Калктын юридикалык жактан сабаттуулугу жакшыраак болгон шартта сот адилеттиги системасынын кызматкерлери үчүн бул укуктарды аныктоо жана жактоо маанилүү болот. Албетте, калк юридикалык жактан бир топ сабаттуу болгон болсо, эл бул аларга мамлекет тарабынан берилген чыныгы мандат экендигин түшүнүшүп, аны өз артыкчылыктары катары пайдалана алышат, ал эми сот адилеттиги системасынын кызматкерлери сот адилеттиги кызматтарын көрсөтүү жагына негизги күчтү бура алышат.

Эске салсак, Кыргызстандагы БУУӨП сот адилеттигине жетүү мүмкүнчүлүгүн жана укуктун үстөмдүгүн камсыз кылуу максаттарына жетүү үчүн өлкөнүн министрликтери жана ведомстволору менен кызматташып бир катар долбоорлорду ишке ашырып келет.

Сот адилеттигиндеги теңсиздикти жоюуга укуктук маалыматтуулукту жогорулатуу жана коомчулукту сабаттуу кылуу жолу аркылуу гана жетүүгө болот. Чынында, COVID-19 пандемиясы алып келген учурдагы социалдык-экономикалык тенденцияны эске алганда, жашоо шарты начарлагандан улам дагы көбүрөөк адам юридикалык жардамга муктаж. Катталып жаткан үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктарды эске алганда, айрыкча бул аялдар жана кыздар үчүн өтө актуалдуу.

БУУӨПтүн туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен айым иш-чарадагы өз сөзүндө төмөнкүлөрдү айтып өттү: "Качан элдер өз укуктарын түшүнгөндө жана ал укуктарын ишке ашырууда системага мыйзамдуу талаптарын коюу үчүн аларда көбүрөөк кайраттуулук пайда болот, болбосо, ал чырмалышкан жана кол жеткис болуп көрүнө берет. Ошондуктан, биз эл өз укуктарын билиши үчүн инвестиция кылышыбыз өтө зарыл, жана буга негизги укуктук негиздер боюнча окутуу жардам берет".

Жаңы демилгелерди киргизүү мамлекеттик органдар менен жарандык коомчулук институттарынын өз ара аракеттенишинде, жана ошондой эле, ведомствонун натыйжалуу ченем жаратуу техникасынын ишмердүүлүгүнүн сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууда мыкты натыйжага жетишүү үчүн иштелип чыгууда. Министрлик калктын укуктун маданиятын жогорулатуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты аныктай турган жаңы стратегиялык документти иштеп чыгуу жана аны кабыл алуу зарыл деп эсептейт.

БУУӨПтүн мыйзамдын үстөмдүгү боюнча программасы жакырларга жана анын ичине аялдар, жаштар, майыптар жана мигранттар кирген маргиналдашкан топторго юридикалык мүмкүнчүлүктөрдү берүүнү; сот адилеттиги институттарын жакшыртууну, коопсуздукту жана сот адилеттигине жетүү мүмкүнчүлүгүн өзүнө камтыйт.

Тегерек столдо тартылган фотолорго шилтеме: https://flic.kr/s/aHsmXcBFgv


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД