
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Чүй, Талас жана Ош облустары боюнча ЕАЭБ алкагында кыйыр салыктар боюнча иштөө башкармалыгынын үч кызматкери ишенимден кеткендигине байланыштуу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка МСКнын төрагасы Алтынбек Абдувапов кол койду.
Аларды кызматтан бошотууга 2021-жылдын 2-декабрында "Ак-Тилек" товарларды эсепке алуу пунктунда өткөрүлгөн иш-чаранын алкагында УКМК тарабынан коррупция фактысы боюнча кармалышы негиз болгон.