
Милициянын кайгуул кызматкерлери өспүрүмдөрдүн коопсуздугу үчүн мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери окуу жылы башталган күндөн тартып, мактептерге барып өспүрүмдөрдүн коопсуздугу үчүн, өзүн-өзү коопсуз алып жүрүү жана жөө жүүргүнчүлөгө жол эрежелерин сактоо багытында ачык сабактарды өткөрүүдө.
Бүгүн да кызматкерлер Бишкектин Октябрь районунда жайгашкан №20 жалпы билим берүүчү орто мектепке барып, башталгыч класстын окуучуларына жөө жүргүнчүлөргө тиешелүү болгон жол белгилерин, жол чырактардын түстөрүн, жөө өтмөктөн өтүү эрежелерин класстын ичинде теориялык жана көчөгө чыгып, практикалык сабактарды көргөзүштү.
Андан сырткары алгачкы класстын окуучулары менен үйдөн чыккандан тартып, мектепке келип кеткенге чейинки аралыкта өзүнүн коопсуздугун кантип сакташ керек, жөө өтмөктөн кайсыл учурда өтүш керек жана жөө жүргүнчүлөр билүүгө милдеттүү болгон жол белгилери тууралуу маек курулуп, алгачкы класстын окуучулары менен жолдо жүрүүдө өзүн алып жүрүү маданияты тууралуу ой пикир алмашуу жүргүзүлдү.Мектеп окуучуларына кечкисин көчөгө чыгаарда сөссүз чагылдыруучу кийимдерди кийүү керек экендиги эскертилди.
Мындан сырткары азыркы учурда Бишкек ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери Бишкек шаары боюнча 101 мектептин ар бирине бирден кызматкер бекитилип, мектеп окуучуларынын коопсуздугун сактоо боюнча эрте мененки убакта окуучулар мектепке келүү учурунда мектептин айланасында коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууда.