
2021-жылдын 3-декабрында Майыптардын эл аралык күнү белгиленди. Жазаларды аткаруу кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин аскер кызматкерлеринин өздүк көркөм чыгармачылык жамааты дал ушул күнү Бишкек шаарынын Абай көчөсүндөгү "Мүмкүнчүлүгү чектелген жана карылар" үй-интернатына барып өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Ден - соолугу таза адамдын бардык органдары өз орду менен так иштейт. Бирок керектүү кыймылдарды жасай албаган адамдар да кездешет. Андай адамдардын травмадан, оорудан же органикалык жетишсиздиктерден улам чектелүүсү пайда болгон, алар ден соолугу чектелген же майып адамдар.
Каалаган жаран, майып адамдарга жардам бере алат - каалоо эле болсо кана? Жардам дегенде көбүнчөбүз эле дароо материалдык жана акчалай жардам эсибизге түшөт, моралдык жардам болсо эч кандай акчаны талап кылбайт, болгону биздин адилет сөздөрүбүз керек. Албетте, финансы маселеси маанилүү, андан качып кутулуу болбойт, бирок майыптарга жашоодогу эң жөнөкөй нерсе – жок дегенде интернатка кээде келип жалгыздыктан жадагандар менен баарлашып койгон адамдарга өздөрүнүн тоодой ыраазычылыгын билдиришет. Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин аскер кызматкерлери бир гана майыптар күнүндө эмес башка колдон келген баардык учурларда Карылар жана майыптар үйүнө барып, жоокерлер кызматтан бош учурларда алар менен чогуу барып, айлана-тегерегин тазалоо, ар кандай майрамдарда концерт тартуулоо сыяктуу соопчулук иштерди тынымсыз жүргүзүп келишет.
Бул күнкү иш чарага Бишкек шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан, Бишкек мэриясынан өкүлдөр, ошондой эле ыктыярчылар тобу келип, республикалык деңгээлде уюштурулду.
Ал эми майыптарга арналган концертке алып баруучу болуп дайындалган өнөрлүү кызыбыз прапорщик Залкарбекова Гүлзар сахнага чыгаар алдында бул адамдардын көңүлдөрү өтө назик, сезимтал болоорун элестетип алып, публиканы капа кылып албайын деп, улам бир сөздү иргеп, көпкө толкунданды.
Алып баруучу алгачкы сөздү алардын "майтарылбас эркине жана адамдык рухту бийик кармап жашап жаткан сезимдерине" терең таазим кылуу менен сөз баштады.
Андан кийин аскердик оркестр дүйнөлүк классиканын обондорун аткарганда залда бир башкача мемиреген тынчтык өкүм сүрдү, айтмакчы кыйынчылыктарга моюн сунбай, алардын айрымдары турмушта чоң ийгиликтерге жетишип, белгилүү, атак-даңктуу болгон учурлар көп. Улуу композитор Людвиг Ван Бетховендин кулагы катуу болгон, бирок бул кемчилик ага жолтоо боло алган эмес.
Залда чогулуп отурган мукүнчүлүгү чектелген жарандар да табият берген чектөөлөргө моюн сунбай, тескерисинче ыр-күүгө аралашып, башкаларга дем-күч бере турган кайратмандыкты көрсөтүп отурушту.
Мүчүлүштүктөн мүңкүрөп калбай кайра чыйралган жарандар өзүлөрү да биздин чыгармачыл топко аралашып, музыкалык аспапта ойноп, күүгө кошуп обон созуп, оптимисттик маанайда келген меймандарга өз өнөрлөрүн көргөзүп жатышты.
Иш чаранын аягында "Мүмкүнчүлүгү чектелген жана карылар" үйүнүн жетекчилиги, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлдөрү кайрымдуулук жана камкордук иштери үчүн Департаменттин аскер кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиришти.
майор Шукурова Г.С.