Мелис Турганбаев Күрөш федерациясынын президенти болду

Мелис Турганбаев Күрөш федерациясынын президенти болду. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-декабрда Күрөш федерациянын кезексиз шайлоо конференциясы өткөн. Уюмдун мүчөлөрү бир добуштан президенттик кызматка көрсөтүлгөн Мелис Турганбаевдин талапкерлигин колдоп беришкен. Ал 2024-жылдын аягына чейин Күрөш федерациясын жетектей тургандыгы айтылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД