Милициянын кайгуул кызматы алыскы аймакка каттоочу таксилерди текшерүүдө

Милициянын кайгуул кызматы тарабынан алыскы аймактарга каттоочу маршурттук жана жеңил авто унаалар текшерилди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар наркологиялык жана техникалык көзөмөлдөн өтүүгө тийиш.

Акыркы учурларда жол кырсыктары көп катталып, жаракат алгандардын саны көбөйүүдө. Алсак жыл башынан бери Бишкек шаарынын аймагында 2200дөн ашуун жол кырсыгы катталып, 2800дөн ашуун жарандар ар кандай жаракаттарды алышып, тилеке каршы 50 жаран жол кырсыгынан көз жумган.

Мындай кырсыктардын алдын алуу багытында Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү чыгыш жана батыш Автобекеттердеги жана Аламүдүн, Ош базарларындагы Бишкек-Ош, Бишкек-Балыкчы, Бишкек-Казарман, Бишкек-Чолпон-Ата, жана башка каттамдарга каттаган таксилердин айдоочуларына жеринен жолугуп, авто унаанын техникалык абалын, түнкүсүн жарык берүүчү каражаттардын, өрт өчүрүүчү жана санитардык талаптарга жооп берген аптекелык дары дармектерин текшерүүгө алууда.

Кызматкерлер тарабынан айдоочулардын каттамга чыгаар алдында сөзсүз автоунаанын техникалык абалы текшерилип, айдоочу наркология бөлүмүнөн өтүп, кан басымы, психологиялык абалы текшерилип, анан кана каттамга чыгуусу эскертилди.

Ошондой эле айдоочу каттамдан келгенден кийин, сөзсүз бир күн эс алып, психологиялык жактан толук даяр болуп, анан кана каттамга чыгуу эскертилүүдө.

Эртемененки текшерүүгө тез жардам кызматкерлери да чакыртылып, айдоочулардын кан басымын текшерүү менен медицина кызматкерлери тарабынан да айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД