ЖАМКнын кызматкерлери майыптар жана карылар үйлөрүнө жардам беришти

3-декабрь майыптардын эл аралык күнү. Бул күнү ЖАКнын кайтаруу жана күзөтүү департаментинин кызматкерлери жана оркестри Бишкектеги майыптар жана карылар интернатында концерттик программасын тартуулашты. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Беловодское айылындагы балдар үйүнө №47- мекеменин кызматкерлери жардам көрсөтүп, балдарга жалаяк, печенье, таттуулар, шампунь, самын, даарат кагазын алып беришти.

Ал эми Жаңы-Жер айылындагы N19- мекеменин кызматкерлери "Үмүт шооласы" уюму менен биргеликте кызматкерлердин балдарына, соттолгондорго жана айылдагы майып балдарга азык-түлүк пакеттерин таратышты.

N24 мекеменин жамааты акчалай жардам көрсөтүштү.

Мекемелердеги ардагерлер да унутта калган жок.

Бир катар мекемелерде жазасын өтөп жаткан соттолгон жарандарга тамак-аш, гигиеналык буюмдар, самын жана жуучу каражаттар берилди.

Бардык каражаттар ЖАКнын кызматкерлери тарабынан чогултулуп, мындай кубаныч тартуулоо жөрөлгөсү жакшы салтка айланган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД