Кара-Балтада кийинки жылы текстиль фабрикасы ачылат

Кара-Балтада кийинки жылы текстиль фабрикасы ачылат. Бул тууралуу Инвестициялар агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишкананы Кара-Балта килем комбинатынын базасында ишке киргизүү каралган, имараттын жалпы аянты 53 миң чарчы метрди түзөт.

Долбоор 25 миллион долларга бааланып, каражатты түркиялык инвесторлор бөлүп берет. Фабрика толук иштеп баштагандан кийин 1 миң адамга жумуш орду түзүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД