Аялдар менен эркектерге вакциналардын эффективдүүлүгүн салыштырып көрүштү

Pfizer вакцинасынын эффективдүүлүгү эркектерде 96,4 % түзсө, аялдарда 93,7 % түздү. Ошол эле учурда, Moderna эркектер үчүн 95,4 %, аялдар үчүн 93,1 % натыйжалуу. Johnson эркектерде 68,8 %, аялдарда 63,4 %натыйжалуу.

Эксперттер коронавируска каршы эмдөөнүн өзгөчөлүгүн түшүндүрө турган ар кандай божомолдорду айтышты. Жалпысынан аялдар оорунун белгилери жөнүндө көп билдиришип, COVIDге тест тапшырышат.

Мындан тышкары, адистер негизинен эмдөөдөн кийин 40 жаштан 74 жашка чейинки адамдар коронавируска чалдыкканын белгилешет.

Адатта, аялдар эмдөөлөргө каршы эркектерге караганда күчтүү иммундук реакцияга ээ болушат. Натыйжада көп коргоого алынышат. Окумуштуулар эстрогендин деңгээлинин жогорулашы роль ойнойт деп божомолдошот, анткени, эстроген иммундук системаны стимулдайт.

Буга чейин Пенсильвания университетинин окумуштуулары кош бойлуу аялдар COVID-19ду балдарга жуктура алаарын аныкташкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД