Журналист Нурдин Мотуев Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышат

Белгилүү журналист, телеалпаруучу Нурдин Мотуев да Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышат. Бул тууралуу журналист Фейсбуктагы жеке баракчасы аркылуу жазып чыкты.

"Достор! Бишкек шаарынын Свердлов районунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигимди коёюн деп чечтим. Анткени бул аймакта баарына каршы добуш берилип, шайлоо жараксыз деп табылган. Кайра шайлоо 60 күндүн аралыгында дайындалышы керек. Эл үчүн иштеп келгенбиз, эл үчүн иштеп беребиз! Дуа кылып коюңуздар", - деп жазган ал.

Биз бул тууралуу өзүнө байланышканыбызда, ал маалыматты ырастады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД