Чүй районундагы Кегети капчыгайында жайгашкан бийик тоолуу Көл-Төр көлүнө чыккан Түштүк Кореянын жараны каза болгон. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, куткаруучуларга саат 13:22лер чамасында 70 жаштагы кореялык турист белгисиз себептерден улам эс-учун жоготуп койгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, туристтин сөөүн түшүрүп, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.