Саламаттык сактоо министрлигине караштуу бала бакча колдонууга берилди

КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу №115 "Наристе" бала бакчасы мектепке чейинки билим алуучуларга каалгасын ачты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, билим берүү мекемесинин ачылыш аземи КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин, анын орун басарларынын жана бала бакчанын жетекчилигинин катышуусунда өттү.

"Наристе" бала бакчасынын жаңы филиалы 3 имараттан турат. Анын негизги имараты КР Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жана бала бакчанын жетекчилигинин жардамында оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, иштей баштады. Бала бакча 400 балага ылайыкташтырылган. Мында башталгыч, орто жана мектепке даярдоочу группалар уюштурулган. Ар бир баланын тамактануусуна 112 сомдон бөлүнүп, орундардын 75 пайызына медицина кызматкерлеринин балдары кабыл алынса, 25 пайызы катардагы жарандардын чүрпөлөрү менен толукталат. "Наристе" бала-бакчасы санитардык-эпидемиологиялык шарттарга толугу менен жооп берерин министр билдирди.

"Медицина кызматкерлери министрликке караштуу бала бакчада орун чектелүү болгондуктан, кезек күтүп, чүрпөлөрүн орноштура албай кыйналышчу. Мындан улам 400 орундук бала бакчаны ачуу бүгүнкү күндүн талабы болчу. "Наристенин" аянты кеңири, балдардын аянтчасы коюлду. Биринчи группага 20 бала кабыл алынып, тарбияланып жатышат. Эмгек жамаат адискөй кызматкерлер менен түзүлүп, медициналык бөлүм уюштурулду. Эң башкысы наристелердин тамактануусуна дыкат көңүл бурулуп, сапатына санитариялык текшерүү жүргүзүлүп турат", - деди министр Алымкадыр Бейшеналиев.

Министр келечекте мындай бала бакчалардын саны дагы көбөйтүлөрүн өз сөзүндө кошумчалап кетти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД