Өлкөдө калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү боюнча декада башталды

2021-жылдын 6-декабрында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин калкасы алдында калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча декада башталат. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, декаданы өткөрүүнүн негизги максаты калкка укуктук жардам көрсөтүү, калктын аярлуу тобунун укуктук корголуусунун деңгээлин жогорулатуу, калкты укуктук агартуу, сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылуу, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Декада ошондой эле жыл сайын 10-декабрда белгиленүүчү адам укуктарынын эл аралык күнүнө арналган. 1948-жылы бул күнү Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы Адам укуктарынын жалпы декларациясын кабыл алган.

Декаданы өткөрүүнүн алкагында бүт өлкө боюнча калкка акысыз консультациялык-укуктук жардамды мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын координаторлору жана адвокаттары, юстиция органдарынын кызматкерлери, аймактык юстиция башкармалыктарынын алдындагы калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча борборлордун кызматкерлери, мамлекеттик нотариустар көрсөтүшөт.

Мындан тышкары, декадада социалдык, үй-бүлөлүк жана башка маселелер боюнча башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери катышат. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын жана иши укуктук жардам көрсөтүүгө байланышкан бир катар коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, МКЮЖ КБнын Координациялык кеңешинин, МКЮЖду өнүктүрүү үчүн Улуттук тармактын мүчөлөрү, ЖОЖдордун юридикалык клиникалар катышат.

Өткөрүү датасы: 6, 7, 8, 9, 10, 13, 14 декабрь 2021 саат 10.00 дөн 16.00 гө чейин

Жардам алуу үчүн МКЮЖдун даректери шилтеме аркылуу: http://ukuk-jardam.gov.kg/ru/p/legal-assistance/where-to-get

Декада боюнча кызыктырган суроолор менен төмөнкү телефондор аркылуу кайрылсаңыздар болот: (0312) 38-01-38 (кош. 106, 101), 05 54 45 11, Ысык-Көл, Нарын обл.- 0553 04 04 86, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас обл.- 0555 22 58 32, 0701 34-41-41, 0770 38-32-52


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД