Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан бир жуманын ичинде 6876 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2021-жылдын 26-ноябрынан тартып, 2-декабрга чейин, Бишкек шаарынын аймагында Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 6876 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
-Мас абалында авто унаа башкаруу -57 айдоочу;
-Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо -22;
-Айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу -40
-Жасалма номур менен авто унаа айдоо -2
-Жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар 641;
-Башка жол эрежелерин бузуулар 6114;
362 авто унаа ар кандай жасаган бузуулары үчүн, убактылуу айып короо жайына токтотулду.