Кайгуул милициясы бир суткада терезесин караңгылаткан 20 автоунааны кармады

Милициянын кайгуул кызматкерлери бир сутка ичинде терезелерин атайын караңгылатып алган 20 автоунааны аныктап, 110 000 сомго айып салды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, акыркы учурларда Бишкек шаарынын аймагында автоунааларынын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын мыйзамсыз караңгылатып, алган автоунаалар көп байкалууда.

Мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу жана мызамда көрсөтүлгөн эрежелерди сактоо багытында Бишкек ШИИББ боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери атайын профилактикалык иш чара жүргүзүп, жума күнү сутка ичинде терезелерин атайын караңгылаткан 20 унааны аныктап, баарына Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар тууралуу кодексинин 194-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык тийиштүү протоколдор толтурулуп, жалпы суммасы 110 000 сомдук айып салынды.

Милициянын кайгуул кызматы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында мындай иш-чараларды улантаарын эскертет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД