Быйыл Бишкекте жаңы жылдык салют атылбайт

Бишкекте быйыл жаңы жылдык салют атылбайт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мындай чечим экологиялык себептерге байланыштуу кабыл алынды.

"Жыл сайын күз-кыш айларында жылытуу мезгилине жана унаа каражаттарынын күйүүчү-майлоочу майды керектөөсүнүн көбөйүшүнөн улам борбор калаада абанын булганышынын деңгээли жогорку чекке жетет, буга байланыштуу мэрия экологиялык абалды андан ары начарлатууну туура эмес деп эсептейт", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, үнөмдөлгөн каражат максаттуу иштерге жумшалмакчы.

Бишкек мэриясы экологияны жана коопсуздукту сактоо максатында шаар тургундарын жаңы жыл майрамында фейерверктерди сатып алуудан жана колдонуудан алыс болууга чакырат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД