Бишкекте адам сатууга каршы 100 күндүк маалымат кампаниясы жыйынтыкталды

Бишкекте 6-декабрда "Биргеликте адамдарды сатууну токтотобуз" аталышында 100 күндүк маалыматтык кампаниясынын жыйынтыгы чыгарылган тегерек стол өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын июль айынан тартып КР Ички иштер министрлиги тарабынан жогоруда аталган кампания башталган.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын негизги максаты – адамдарды сатуудан жапа чеккендердин укуктарын коргоо жана бул жааттагы укуктук билимин жогорулатуу болуп саналат.

Аталган кампания Бүткүл дүйнөлүк адамдарды сатуу менен күрөшүү күнүнө карата арналып, Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматы жооптуу түзүм катары бекитилген.

Тегерек столго КР ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын башкармалыгынын начальниги Марлис Жумабаев, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин, мамлекеттик, эл аралык жана бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чараны Марлис Жумабаев ачып, адамдарды сатуу – адам укуктарын бузуу боюнча эң оор кылмыш деп атады. Жыл сайын миңдеген эркектер, аялдар жана балдар адамдарды сатуучу кылмышкерлерден жабыр тартышат. Бүгүнкү күндө, жабыр тарткан адамдардын көпчүлүк бөлүгү сабатсыздыктын жана түшүнбөстүктүн кесепетинен жардам алууну көп түшүнө беришпейт жана ишенбестик карашат.

Марлис Жумабаев баяндоосунда ар бир жабырлануучу туш болгон бир катар көйгөйлөргө атап кетти, алар:

-Сот өндүрүшүн идентификациялоо жана аяктоодон баштап куткарылгандан кийин, травматикалык тажрыйба;

-Кээ бирлери кайрадан кайталанып жапа чегүүсү;

-Көпчүлүк бөлүгү сатуучулардын мажбурлоосу менен жасаган кылмыштар үчүн жазаланган;

-Калгандары стигматизациялоого дуушар болушуп, колдоо жана жардам ала электер.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД