Ошто кикбоксинг боюнча эл аралык мелдеш өттү

Ошто КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогуна арналган спорттун кикбоксинг түрү боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, аталган мелдешке Казакстан, Өзбекстандын курама командалары жана Кыргызстандан 350гө жакын спортчу катышты. Иш-чарада Ош облусунун башчысы сөз сүйлөп, спорт тармагын колдоого алуу керектигин айтты.

"Спорттун бардык түрүн, анын ичинде кикбоксингди өнүктүрүүгө шарт түзүшүбүз керек. Анткени 2024-жылы өтүүчү жайкы олимпиада оюндарына Кикбоксинг да кирүүсү күтүлүүдө. Ошондуктан азыртан биз кикбоксчуларга колдоо көрсөтсөк, олимпиада оюндарында ийгилик жаратат деп ойлойм", - деди Зиядин Жамалдинов

Мелдешке 7 жаштан 40 жашка чейинки спортчулар катышты. Турнирдин алкагында төрт профицианалдуу беттеш өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшрылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД