Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбековго карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо учурунда №30 Ысык-Ата районунун депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбековдун катышуусунда видеотасма жарыяланган.