БШК Акбөкөн Таштанбековду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди

БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбековду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди. Мындай чечим кечээ, 6-декабрда БШКнын отурумунда кабыл алынды.

БШКнын мүчөлөрү УКМКнын Акбөкөн Таштанбековду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча өтүнүчүн бир добуштан колдошту.

Эске салсак, УКМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбековго карата кылмыш иши козголгон. Буга социалдык тармактарда КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо учурунда №30 Ысык-Ата районунун депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбековдун катышуусунда видеотасма жарыяланганы себеп болгон.

"Бул чагымчыл видеодо А.Таштанбековдун коомчулукта терс пикир жараткан улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттери ачык эле көрүнүп турат", - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

2021-жылдын 4-декабрында А.Таштанбековдун аракеттеринде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда ("Улуттар аралык жана региондор аралык кастыкты козутуу") каралган кылмыштын белгилеринин бар экендигин эске алуу менен кылмыш иши козголгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД