Акбөкөн Таштанбеков СИЗОго киргизилди

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбеков УКМК тарабынан кармалып, УКМКнын СИЗОсунунубактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу айрым ЖМКлар күч түзүмдөрүндөгү жеке булактарына таянуу менен жазып чыгышты.

Эске салсак, УКМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбековго карата кылмыш иши козголгон. Буга социалдык тармактарда КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо учурунда №30 Ысык-Ата районунун депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбековдун катышуусунда видеотасма жарыяланганы себеп болгон.

"Бул чагымчыл видеодо А.Таштанбековдун коомчулукта терс пикир жараткан улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттери ачык эле көрүнүп турат", - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

2021-жылдын 4-декабрында А.Таштанбековдун аракеттеринде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда ("Улуттар аралык жана региондор аралык кастыкты козутуу") каралган кылмыштын белгилеринин бар экендигин эске алуу менен кылмыш иши козголгон.

Ал эми БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбековду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД