Пакистандык жарандын Айфонун тоноп алган деп эки жаран кармалды

Милициянын кайгуул кызматкерлери тоноого шектүү жарандарды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 6-декабрында болжол менен саат 19:40 чамасмында Бишкек ШИИББнин "102" кызматына Токтогул жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде бир жаранды тоноп кетишти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББ боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда Пакистандын жараны арыз менен кайрылган. Анда ал ошол эле даректен белгисиз эки жаран "Apple iPhone 11" үлгүсүндөгү телефонун тартып алып, белгисиз тарапка качып кетишкени айткан.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган М.А. жана 2002-жылы туулган М.Э. аттуу жарандарды аныктап, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына андан ары чара көрүү үчүн жеткиришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД