АКШдагы Кытайдын элчилиги АКШ бийлигинин Пекинде өтүүчү 2022-Кышкы Олимпиада оюндарына бойкот жарыялаганына жооп берди.
"Чынында, бул кишилер келеби же жокпу, эч кимди кызыктырбайт. Бул Пекиндеги Олимпиада оюндарын ийгиликтүү өткөрүүгө эч кандай таасирин тийгизбейт. Бул жөн гана саясий манипуляция. Ансыз деле америкалык саясатчыларга чакыруу жөнөткөн эмеспиз", - дейт Вашингтондогу Кытайдын элчилигинин өкүлү Лю Пэнъюй.
Эске салсак, кечээ 6-декабрда АКШнын президентинин администрациясы 2022-Олимпиадасына жана Паралимпиадага дипломатиялык жана расмий делегацияны жөнөтпөй тургандыгын билдирген болчу.
АКШнын расмий өкүлдөру барбаганы менен спортчулар катыша бермекчи.
Белгилей кетсек, Кышкы Олимпиада 2022-жылдын 4-февралынан 20-февралына чейин Пекин шаарында өтмөкчү.