Акылбек Жапаров иш сапар менен Казакстанга кетти

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нур-Султан шаарына (Казакстан Республикасы) жумушчу сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, иш сапардын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушуулардын өткөрүлүшү, экономикалык, күч жана маданий түзүм объектилерин кыдырып чыгуусу пландаштырылууда.

Расмий делегациянын курамы:

- КРнын Казакстандагы элчиси - Дастан Дюшекеев;

- коргоо министри - Бактыбек Бекболотов;

- экономика жана коммерция министри - Данияр Амангелдиев;

- саламаттык сактоо министри - Алымкадыр Бейшеналиев;

- Бишкек шаарынын мэри - Айбек Жунушалиев;

- айыл чарба министринин орун басары - Азамат Мукашев;

- салык кызматынын төрагасы - Алтынбек Абдувапов;

- бажы кызматынын төрагасы - Адилет Кубанычбеков;

- президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары - Айбек Айдарбеков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД