Кайгуул милициясы коомдук транспорттордун техникалык абалын текшерүүдө

Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү коомдук транспортторду текшерүү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыктарынын алдын алуу, айдоочулардын айдоо маданиятын көзөмөлдөө максатында Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү Бишкек шаарынын аймагында жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспорттордун айдоочуларына жеринен жолугуп, авто унаанын техникалык абалын, түнкүсүн жарык берүүчү каражаттардын, өрт өчүрүүчү жана санитардык талаптарга жооп берген аптека дары дармектерин текшерүүгө алууда.

Кызматкерлер тарабынан айдоочулардын каттамга чыгаар алдында сөзсүз автоунаанын техникалык абалы текшерилип, айдоочу наркология бөлүмүнөн өтүп, кан басымы, психологиялык абалы текшерилип, анан кана каттамга чыгуусу эскертилди.

Ошондой эле жаңы кабыл алынган Кыргыз Республикасынын укук бузуулар тууралуу кодексинин коомдук транспортторго тийиштүү беренелерин айдоочуларга жеткирүү иштери жүргүзүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД