Бишкекте дагы бир жаңы сквер ачылды

Борбор калаада Түгөлбай-Ата жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын жумушчулары тарабынан жаңы сейил бак курулду. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кичи эс алуу аймагы турак-жай имараттарынын жана коомдук мекемелердин жанында жайгашкан. Ыңгайлуу жайгашкандыктан, шаардыктар эс алуу убактысын үйдүн жанында өткөрө алышат, ал эми балдарга аянтчада ойногонго шарт түзүлөт.

Паркта отургучтар, көптөгөн турниктер жана машыгуу жабдуулары бар жана айланасы тосмо менен тосулган.

Эске сала кетсек, буга чейин бул жерде мыйзамсыз күркөлөр болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД