Нарын милициясы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөттү

Нарын облусунун милиция кызматкерлери мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2021-жылдын 15-ноябрынан 15-декабрына чейин Нарын облусунун аймагында Майыптарды коргонун эл аралык күнүнө карата мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жардам берүү боюнча бир айлыкта Нарын облустук ички иштер органдары тарабынан жардамдар көрсөтүлүүдө.

Буга байланыштуу, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кайрымдуулук жана ар кандай материалдык, моралдык колдоолор берилүүдө.

Нарын облусунун шаар-райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жалпы 20 үй-бүлөгө акчалай жардам, азык-түлүк, кышкы жылуу кийимдер түрүндөгү материалдык жана гуманитардык жардамдарды беришти.

Мындан сырткары, Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен биргеликте Жумгал районунун аймагындагы жалпы 63 мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга түшкү тамактануу уюштурулуп, келе албаган адамдарга үйүнө азык-түлүк, таттуулар жеткирилди.

Мындай саамалык жыл сайын Нарын ОИИБи тарабынан уюштурулуп, өткөрүлүп турат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД