Бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылып, кармалды. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү басма сөз каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, парламенттин экс-спикери "Кумтөр" компаниясына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары өткөн.
Буга чейин экс-Премьер-министр Темир Сариев "Кумтөр" иши боюнча суракка алынган. Кийинчерээк УКМК мурдагы депутаттар Турсунтай Салимов менен Сергей Ибрагимовду дагы суракка алгандыгы белгилүү болду.