Журналисттер вакцина алды делген жалган сертификат жасагандардын жүзүн ачты

Кыргызстанда COVID-19га каршы вацинаны алды делген жалган сертификаттарды жасап бергендер тууралуу иликтөөчү журналист Мээрим Сырдыбаева менен "МедиаХабдын" биргелешкен "Өлүм менен өмүрдөн акча жасагандар 2" аталыштагы кезектеги журналисттик иликтөөсү жарыяланды.

Анда вакцина сайбастан, жалган сертификат берген төрт факты далилдер менен көрсөтүлүп берилген.

Алардын экөөсүндө журналисттер өздөрү борбордогу №1 жана №2 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна барышып, медицина кызматкерлери менен кадимкидей соодалашып, жыйынтыгында вакцина алды делген сертификаттарды колго алгандарын көрүүгө болот. Журналисттер бул сертификаттардын ар бирин миң сомдон сатып алышкан.

Иликтөөдө мындай жалган сертификат берем деп телеграм каналда дагы жарнама кылгандар тууралуу айтылат. Анда Асылкан Молдокеримова аттуу жаран вакцина алды деп, базага киргизип берерин ачык телеграм каналдагы түрдүү топторго жарыялап жүргөн. Иликтөөгө жардам берген Азамат аттуу жаран, Молдокеримова аркылуу миң сомго сертификат жасаткан. Ачык булактарда Асылкан Молдокеримова 2021-жылы Балыкчы шаардык кеңешке "Адилеттүү Кыргызстан" саясий партиясынан депутаттыкка талапкерлигин койгон. Бул маалыматты ал өзү журналисттерге дагы тастыктаган. Андан сырткары, Молдокеримованын шериги Гүлзат Абдраманова аттуу медайым экендиги дагы айтылат. Сертификат үчүн төлөнгөн каражат Гүлзат Абдрамановага тийиштүү делген телефон номерине которулуп турган.

Ошондой эле иликтөөдө медицина кызматкерлери гана эмес, катардагы шылуундар дагы вакцина алды делген жалган документтерди жасап, саткандар тууралуу факты көрсөтүлгөн. Телеграмда "Грузоперевозки Талас-Бишкек" аттуу топто жарыяланган маалыматка ылайык, "Астразенека" вакцинасын алды делген документти жасап берери аныкталган. Бул документти жасап бергендер менен журналисттер байланышка чыкканда, алардын кызматы 150 АКШ долларын түзгөн. Булар бир гана вакцина жасабастан, ПЧР-тесттерди дагы жасары белгилүү болгон.

Эске сала кетсек, ушул эле жылдын 23-августунда өлкөдө жасалма ПЧР-тестти жасагандар тууралуу "Өлүм менен өмүрдөн акча жасагандар" аталыштагы иликтөө чыккан. Бул иликтөөдөн соң, ошол кездеги Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашева чукул жыйын өткөрүп, иликтөөдө көрсөтүлгөн фактылар боюнча текшерүү жүргүзүп, ыкчам чара көрүунү тапшырган. Жыйынтыгында, жасалма ПЧР-тестти саткан Бека малыш аттуу жаран камакка алынып, журналист тарабынан иликтенген фактылар Кылмыштардын жана Жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталган. Бирок, ушул күнгө чейин жыйынтыгы ачык-айкын, так айтыла элек.

Медицина жаатындагы коррупциялык иштерди ашкерелеген эки иликтөөнүн автору журналист Мээрим Сырдыбаева.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД