Салык төлөөчүлөр 1 миллиондон ашык декларация тапшырган

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы декларациялык кампаниянын жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 7-декабрына карата республика боюнча 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча 519 миң 60 жана 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча 495 миң 445 бирдиктүү салык декларациясы тапшырылган. Ошону менен бирге, ушул жылы 2019-жыл үчүн 192 миң 160 декларация берилген, анткени 2020-жылдын 3-апрелиндеги Мыйзамга ылайык жеке жактарга (анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге) пандемияга байланыштуу 2021-жылдын 1-апрелине чейин 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча декларацияны тапшыруу мүмкүнчүлүгү берилген.

2020-жылдын жыйынтыгы боюнча салык декларацияны 50 миң 525 уюм, 227 миң 950 жеке ишкер, 130 миң 955 ишкердик менен алектенбеген жеке жак, 51 миң 176 салык салынуучу кирешеси жок жеке жак, 58 миң 454 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер тапшырган.

2020-жылдын жыйынтыгы боюнча электрондук түрдө 166 миң 363 салык декларациясы, ал эми 2019-жылы – 102 миң 353 декларация тапшырылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД