Автоунаага үн чыгаруучу каражатты мыйзамсыз орноткондорго айып пул канча?

Милициянын кайгуул кызматы жаңы кодекске ылайык, ыкчам кызматтардын үн чыгаруучу жана жарык берүүчү каражаттарын мыйзамсыз орнотуп алган айдоочуларга 5500дөн тартып, 17000 сомго чейин айып салынаарын эскертет.

194-берене. Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаруу.

1. Айдоочунун тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган же транспорт каражатынын конструкциясында каралбаган кошумча жабдуулар орнотулган транспорт каражатын башкаруусу, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Сыртына ыкчам кызматтардын транспорт каражаттарынын атайын түстүү графикалык схемалары мыйзамсыз түшүрүлгөн же атайын үн чыгаруучу же жарык берүүчү сигналдар орнотулган транспорт каражатын башкаруу, –

жеке жактарга түшүрүлгөн түстүү графикалык схемаларды өчүрүү менен 5500сом айып салынат;

Ал эми юридикалык жактарга түшүрүлгөн түстүү графикалык схемаларды, жарнамаларды, жазууларды, сүрөттөрдү өчүрүү менен 17000 өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Айдоочунун маӊдайкы айнеги жана (же) алдыӊкы эшиктердин каптал айнектери күӊүрттөлгөн, анын ичинде колго жасалган, өнөр жайлык түрдө даярдалган, же болбосо аларда пардалар пайдаланылган же айнектеринде чагылышкан күӊүрттөөчү жабуусу бар транспорт каражатын башкаруусу (тонировка) –

жеке жактарга 5500 айып пул салууга алып келет.

Эскертүү. Транспорт каражаттарынын айнектеринин жарык өткөрүүсү (күӊүрттөлүүсү) Бажы бирлигинин Техникалык регламентинин талаптарына ылайык келүүсү керек.

Ушул ченем Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан тизмеги аныкталуучу атайын автоунааларга карата колдонулбайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД