Депутаттык комиссия Жээнбеков менен Зулпукаровду бошотууну сунуштады

Бүгүн, 8-декабрдагы парламент жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ш.Жээнбековду, Т.З.Зулпукаровду кылмыш-жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы тууралуу баяндама жасалды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, комиссиянын төрагасы, депутат Канатбек Исаев Башкы прокуратуранын жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматы каралып чыкканын, анда жетиштүү, тикелей далилдер жок экендигин жүйө келтирди. Андыктан депутаттык комиссия аты аталган депутаттарды мыйзам талаптарына ылайык камактан токтоосуз бошотууну сунуштаганын маалымдады.

Ал эми депутат Бакыт Жетигеновдун жактоочулары толук маалымат бербегендигине байланыштуу, аталган эл өкүлүнө байланышкан Башкы прокурор К.Зулушевдин сунушу каралбай калганын кошумчалады. "Ага ылайык комиссиянын иши дагы улантылат", – деди Канатбек Исаев.

Жыйынтыгында комиссиянын маалыматын эске алуу менен А.Ш.Жээнбековду жана Т.З.Зулпукаровду кылмыш-жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн баш тартуу тууралуу Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.

Эскерте кетсек, Канатбек Исаев төрагалык кылган депутаттык комиссиянын курамында Евгения Строкова (КСДП), Авазбек Абдугапаров ("Республика-Ата-Журт"), Канатбек Исаев ("Кыргызстан"), Алмазбек Токторов ("Кыргызстан"), Тазабек Икрамов ("Өнүгүү-Прогресс") Мамасадык Бакиров ("Бир Бол") жана Эмиль Токтошев ("Ата-Мекен") бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД