Салык кызматы 11 айда 95,7 млрд сом салык чогултту

2021-жылдын январь-ноябрь айларында КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы 95 млрд 720,4 млн сом салык жана төлөмдөрдү чогултту. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, белгиленген план 104,2 %га аткарылды же 3 млрд 851,1 млн сомго ашыгы менен жыйналды.

2020-жылдын 11 айына салыштырмалуу салыктар 25,4 млрд сомго көп жыйналган.

Анын ичинен ушул жылдын ноябрь айында 9 млрд 950,3 млн сом салык жыйналды. План 8,4 %га же 769,7 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,3 млрд сомго көп жыйналды (өсүү темпи 130,4%).


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД