Анарбек Ишенбаев күрөш боюнча Азия жана Океания чемпиону аталды

Борбор калаадагы спорттук мектептин тарбиялануучусу Анарбек Ишенбаев күрөш боюнча Азия жана Океания чемпионатында алтын байгеге ээ болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эл аралык мелдеш ушул жылдын 2-декабрынан 6-декабрына чейин Бейрут шаарында (Ливан) өттү.

Ал өспүрүмдөр арасында 90 кг салмакта күч сынашкан. Жалпысынан 12 өлкөдөн 126 спортчу катышты.

Анарбек Ишенбаев Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын АБӨРСМнин спорттук күрөш боюнча тарбиялануучусу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД