Аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программа бекитилди

Кыргыз Республикасында 2022-2026-жылдарга аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программа бекитилди. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети тарабынан аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү, финансы ресурстарына жеткиликтүүлүк берүү, аялдарды бизнес жүргүзүү негиздерине окутуу, ишкер аялдардын санын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү максатында төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:

Бекитилсин:

– 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программа;

– Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы;

– Программаны ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн индикаторлорунун матрицасы.

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин тийиштүү чечими расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД