Ош милициясы соцтармактар аркылуу жалган маалымат тараткан жаранды кармады

Ош облустук ички иштер башкармалыгы жарандарды социалдык тармактарда такталбаган жана жалган маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырат.

Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, акыркы кезде белгисиз жарандар тарабынан аудио үн менен коштолгон чындыкка дал келбеген маалыматтарды интернет тармактарында жана Whatsapp мессенджери аркылуу тайпаларга тарката баштаган. Ал маалыматта "Кара-Сууда жаш балдарды уурдап, ички органдарын алып куюшуп жатышат" деген мазмундагы маалыматтар айтылган.

Аталган маалымат боюнча Ош ОИИБдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы жана Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан атайын ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө аудио үн аркылуу чындыкка дал келбеген, такталбаган маалыматты тараткан жарандын өздүгү аныкталып, милиция кызматкерлери тарабынан ички иштер бөлүмүнө алынып келинди. Ал Кара-Суу шаарынын тургуну 60 жаштагы Т.Э. аттуу жаран экендиги аныкталды.

Белгиленгендей, бүгүнкү күндө аталган окуя боюнча милиция кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Жогорудагы жагдайларга байланыштуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы жарандардан жалган, такталбаган маалыматтарды таркатуудан карманып, этият болуусун суранат.

"Ошондой эле мындай жалган маалымат тараткан адамдарды билген же көргөн болсо тезинен укук коргоо органдарына кабар берүүгө жана алардын аракеттерине бөгөт коюга көмөктөшүгө чакырат", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД