Нарында "Антирэкет" ыкчам-алдын алуу иш-чарасы өтүүдө

Нарын облусунун аймагында "Антирэкет, укук бузуучулукка каршы" аталыштагы ыкчам-алдын алуу иш-чарасы өтүүдө. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 8-декабрь күнү Нарын шаарындагы Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтта Нарын облусунун аймагында жашы жете электердин арасында укук бузуулардын, кылмыштардын жана терс көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында, 2021-жылдын 8-декабрь күнүнөн 18-декабрь күнүнө чейин "Антирекет, укук бузуучулукка каршы" аталыштагы ыкчам-алдын алуу иш-чарасын өткөрүү боюнча саптык тизилүү Нарын ОИИБнин начальниги Алмазбек Жумабековдун катышуусу менен өткөрүлүп, буйруктар окулуп, нускамалар, тапшырмалар берилди.

"Акыркы талдоолор көрсөткөндөй, Нарын облусунун аймагында, өзгөчө Нарын шаарынын аймагында жашы жете электердин арасында кылмыштар өсүп жаткандыгына байланыштуу окуучулардын окууга катышуусу, окуудан тышкары убакта эмне менен жана кандай иштер менен алек болуп жаткандыгын тыкыр көзөмөлгө алуу керек. Ошондой эле мектеп администрациясы менен макулдашуунун негизинде окуучулар арасында тыюу салынган жана коркунуч туудура турган буюмдарды алып жүрүүсүнө бөгөт коюу, мектепти себепсиз калтырган окуучуларды аныктоо жана аларды окууга тартуу, жаш жеткинчектерге туура багыт көрсөтүү, жогорку класстын окуучуларына туура кесип тандоо боюнча так жана жеткиликтүү маалымат берүү учурдун талабы болуп жатат. Ошондуктан Нарын облусунун аймагында жашы жете электердин арасында алдын алуу иштерди күчөтүү керек экендигин баса белгилейм",-деди Алмазбек Жумабеков.

Бул иш-чара 500 чукул милиция кызматкерлеринин жана шаар, райондук жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД