Кочкордо окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу иштери жүрүүдө

Кочкор районунда окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу иштери уланууда. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2021-жылдын 7-декабрь күнү Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте район аймагында жайгашкан орто мектептерге барып окуучулар менен жолугушуу өткөрүүдө.

Анда жогорку класстын окуучулары катышып, жашы жете электер арасында кылмыштуулук, жол унаа кырсыктарынын алдын алуу, өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулукту болтурбоо алдын алуу жана көйгөй жаратып жаткан маселелер боюнча ачык айкын сүйлөшүүлөр болду.

Азыркы учурда ата-энелердин милдеттери унутулуп, мектеп мугалимдери менен байланышы жок болгондугу баса белгиленди.

Ошондой эле тиешелүү кызматкерлер менен ички жана тышкы мигранттардын балдардын аныктоо максатында үймө-үй кыдыруулар жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары ата-энелердин катышуусунда кечки рейддер уюштурулуп, бирдиктүү иш алып баруу жагы пландалып жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД