Баткенде милиция элге жолугуп, аткарган иштери тууралуу маалымат берүүдө

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Бешкент, Маргун айылдарында милиция эл менен жолукту. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Лейлек районунун Маргун, Бешкент айыл аймагындагы жергиликтүү тургундар менен милиция кызматкерлери жолугуп 1 жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматтарын берди. Бул жыйналышка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышып, элдин социалдык жактан маселелерин укту.

Милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту сактоодо жергиликтүү тургундар менен алдын алуу иш-чараларын такай өткөрүшүп, эл менен тыгыз байланышта болду. Ошентсе да укук бузуулар, орун алган кылмыштар өз убагында катталып, мыйзам чегинде жазалар кабыл алынды.

Лейлек районунун борборунан 80-90км алыстыкта жайгашкан бул айыл аймактарындагы жарандарга жеңилдиктерди түзүү максатында милициянын көчмө кабылдамасы түзүлгөн графиктин негизинде барып, элдин көйгөйлөрүн кабыл алып келет.

Милициянын отчетун уккан эл негизинен Маргун айылындагы талаада жүргөн мал уурулук көйгөй жаратканын белгилешти. Ал эми Бешкент айылынын жашоочулары жол коопсуздугу боюнча суроолорду бериди. Жыйынга катышкан Баткен ОИИБнын начальнигинин орун басары милициянын полковниги Аскарали Мухамадиев, коомдук коопсуздук кызматынын начальниги милициянын полковниги Исматилла Айжигитов, Лейлек РИИБнин начальниги милициянын подполковниги Болот Кундузовтор элдин көйгөйлүү суроолорун угушуп, алардын ар бирине жооп беришти. Маргун айылында талаадан жоголгон малдар табылып, бүгүнкү күндө бети ачылбай калган фактылар жок.

Лейлек районунун Маргун, Бешкент айыл аймактарында жашаган калк арасында милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн алып барган кызматын туура багытта деп баалашып, ыраазычылыктарын билдиришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД