Телерадио күнү. Мамажан Бердишев: "Кызматтын оор-жеңили болбойт"

Бүгүн, Телевидение жана радио кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Мына ушуга байланыштуу алыскы Өрүкзардагы кесип ээси менен маек курдук. Төмөндө Баткен медиа борборунун директору Мамажан Бердишевдин маегин сунуштайбыз.

- Мамажан Молдоевич саламатсызбы? Бүгүнкү телевидение кызматкерлеринин кесиптик күнү менен куттуктайм!

- Рахмат! Ооба, бүгүн биздин телеберүү кызматкерлери үчүн кесиптик майрам өзгөчө маанилүү майрам. Айрыкча кадр сыртында калган телеоператор, монтажда, режиссердук пультта турушкан кызматкерлерибиз үчүн жакшы майрам.

- Бир топ жылдан бери ушул тармактын ысык-суугуна кайыл болуп тынымсыз иштеп келатасыз. Алгачкы тушооңуз кайсы телеканалда кесилди эле?

- Туура айтасыз. Өзүм кесибим боюнча журналистмин. Ал эми тележурналистикага болгон кызыгуум тээ студенттик 90-жылдардан башталат. Ошол кезде эле студенттик аудитория менен КТРдин студиясын айкалыштырып иштей баштагам. Гезит тармагында иштеп жүрдүм. Ал эми чыныгы дасыккан журналист катары Баткен областтык мамлекеттик телерадиокомпаниясында 2004-жылы редакторлуктан баштадым.

- Катардагы кызматкерден жетекчиликке чейин жеттиңиз. Ал үчүн кандай сапаттар, аракеттер керек?

- Бардык кызмат тырышчаактыкты жана мээнеткечтикти талап кылат деп ойлоймун. Кызматтын чоң-кичинеси, оор-жеңили болбойт. Бардык кызматта өз ишимди берилгендик менен аткарып, колдон келишинче так жана ак аткарууга аракет кылдым.

- Артыңызда шакирттериңиз барбы?

- Толтура! Мен жүздөгөн шакирттерди үйрөтүп чыгардым. Аларды кесиптик сырларды өздөштүрүүгө гана эмес, адамдык сапаттарга да үйрөтүүнүн аракетин кылдым. Алардын ийгилигин көрүп кубанамын.

- Баткен медиа борборунун жаңы имаратын курууда сиздин салымыңызды угуп жүрөбүз. Кандай пикир айта аласыз?

- Албетте ар бир адам жашоосунда, артында жакшы из калтырсам деп ойлойт экен. Мен 10 жыл башкы директор болуп иштеп , областтык телеканалдын имарат көйгөйүн чечпей кетсем чоң күнөө болмок. Убагында өлкө башчыларына айтып-деп жүрүп заманбап имаратты курдурууга жетиштим. Бул бир гана менин ийгилигим эмес, баардыгыбыздын ынтымактуу аракетибиздин натыйжасы деп ойлоймун.

- Ортодо Баткен театрына да директор болуп калдыңыз. Телевидение менен театрдын айырмачылыгы бир топ болсо керек?

- Ооба, теле жаатында иштеп жүрүп театрга жетекчи болуп өткөн учурум болду. Ал жердеги чыгармачыл коллективдин аурасы мага абдан жакты. Сахна жылдыздары менен бирге иштешип гана тим болбостон, алардын чыныгы сахна артындагы түйшүгү менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк болду. Албетте, театр менен телевидение эки башка тармак. Бирок, ошондой болсо да эки тармакты чыгармачыл инсандар бириктирип турат. Театрдан алган тажрыйбам теле жаатындагы чыгармачылык потенциалымды дагы байытты.

- Үй-бүлөңүз жөнүндө да айта кетсеңиз?

- Келинчегим экөөбүз 3 кыз, 2 уулдун ата-энесибиз.

- Жалпы кесиптештериңизге каалоо-тилектериңиз...

- Сизге да терең ыраазычылык билдирип, сөзүмдүн соңунда баардык кесиптештериме чың ден-соолук жана чыгармачылык ийгиликтерди кааламакчымын. Элибиздин ынтымагы жерибиздин тынчтыгы үчүн жасаган кызматыбыздын ийгилиги арта берсин!!!

[b]Маектешкен: Курманбек Ниязбеков


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД