Чыныбек Козукеев: "Сүрөтчүсү жок театр алга жылбайт"

Азыркы тапта алыскы Алайда өз кесибинин өтөөсүнөн чыгып, чыныгы чыгармачылык менен алектенип жаткан Алай театрынын башкы сүрөтчүсү Чыныбек Козукеев менен болгон маек назарыңыздарда. Анткени, бүгүн сүрөтчүлөрдүн Эл аралык күнү.

- Чыныбек ага саламатсызбы? Сизди бүгүнкү сүрөтчүлөрдүн эл аралык майрамы менен куттуктайм!

- Саламатчылык, чоң рахмат. 8-декабрь – сүрөтчүлөрдүн эл аралык майрамы менен башка кесиптештеримди да куттуктап кетмекчимин.

- Азыркы учурда кайсы жерде эмгек өтөп жатасыз?

- Учурда Токтогул Ажибаев атындагы Алай музыкалык-драма театрында башкы сүрөтчү болуп эмгектенип жатам. Ага кошумча Алай райондук Сами Дооронов атындагы балдар искусство мектебинде сүрөт мугалими болуп иштейм.

- Мен сизди мыкты сүрөтчү деп эсептейм. Эң кызыгы эмне үчүн чоң шаарларда эмес элетте, райондо иштеп жүрөсүз?

- Тоос кушуна: "Сен кандай гана сулуусуң", - деп суктанышса, ал өзүнүн буттарын карап алып: "Койгулачы, ушу буттарым менен өзүмдү сулуу деп эсептебейм", - деген экен. Ошол сыңары мен өзүмдү анчалык мыкты сүрөтчү катары эсептебейм. Ал эми элетте эмгектенип калганымдын да бир нече себептери болсо керек. Биринчиден тагдырдын буйругу. Экинчиден театрбыздын мурдагы башкы сүрөтчүсү Муса Тайчабаров: "Алайда профессионалдык театр болсо, бул жерде сен сыяктуу кадрлар иштеш керек", - деп өзүнүн ордун мага бошотуп берип, ардактуу эс алууга чыккан эле. Чынында элет жеринде маданияттын желегин желбиретип жүрүү өзүнчө чоң аманат. Үчүнчүдөн өзүмдүн кай жерге барсам да ал жердин шартына оңой көнүшүп кетишим окшойт. Төртүнчүдөн абасы таза, ар кандай интригадан алыс, чөнтөгүңдө акчаң жок болсо деле бактылуу жүрө бересиң...

Ар бир нерсенин күңгөй-тескейи болгондой эле, элетте калуунун да терс жактары бар экен. Көп нерседен артта калат экенсиң...

- Сүрөтчүлүк өнөрдүн театрдагы ролу канчалык?

- Театр - бул өзү искусствонун бардык түрлөрүнүн синтези. Актёру жок театр болбогондой эле, сүрөтчүсү жок да театр алга жылбайт. Анткени, сүрөтчү капкараңгы, ээн сахнаны бир заматта башка бир ажайып ааламга айландырып, көрүүчүлөрдүн кыялын жетелеген бойдон артисттердин жан дүйнөсүнө алып кирип кетет. Сценографиядан баштап, ар бир бутафориялык буюмдарга чейин, актёрлордун костюмдарынан баштап, макияж, гримдерине чейин сүрөчүнүн кылдат "элегинен" өтүп турат.

- Өнөрүңүздү кийинки муундарга устат катары үйрөтөсүзбү? Шакирттериңиз барбы?

- Кудай буюрса артымдан шакирттерим чыга баштады. Алардын эмгектерин, ийгиликтерин көрсөм, же угуп калсам өзүмдү бактылуу сезип кетем. Шакирттеримден Ыктыярбек уулу Эрадил, Жусупова Бактыгүл, Бактыбеков Арапбай, Темирбеков Бексултан сыяктуу шакирттерим өсүп келе жатышат.

- Үй-бүлөңүз жөнүндө да айта кетсеңиз?

- Кудайга шүгүр, келинчегим бакчада тарбиячы, үч уул, эки кызым бар. Чоң кызым 11-класста окуп жатат. Кичинекей уулум даярдоо классында окуйт.

- Жалпы кесиптештериңизге каалоо-тилектериңиз...

- Жалпы кесиптештериме ден соолук, чыгармачылык ийгилик!

Маектешкен: Курманбек Ниязбеков


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД