Боом капчыгайында жол кырсыгына кабылган унаа толугу менен күйүп, аял киши күйүк алды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун болжол менен 114-чакырымында АУДИ 100 S4 үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдун тосмосун сүзүп, унаадан өрт чыккан.
Жерине 1 бөлүм тартылып, саат 10:03тө өрт чектөөгө алынып, саат 10:05те толук өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен 1986-жылы туулган О.Т. аттуу аял киши денесинен күйүк алды.